2026-жылдын 29-майында саат 14:00дө Новониколаевка айылынын Маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аширбаев Элкинбек Токтогоновичтин жана Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысынын калк менен жолугушуусу өтөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы актуалдуу маселелер, тургундарды кызыктырган суроолор, сунуштар жана жергиликтүү көйгөйлөр талкууланат.
Жарандар өздөрүнүн суроолорун берип, сунуш-пикирлерин түздөн-түз билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Күнү: 29-май 2026-жыл Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жер: Новониколаевка айылынын Маданият үйү