Аймакты көрктөндүрүү жана тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

Снимок экрана 2026 09 27


Ак-Башат айыл өкмөтүнүн аймагында санитардык тазалыкты камсыз кылуу жана аймакты көрктөндүрүү максатында көчөлөрдө жана коомдук жайларда пландуу тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Тиешелүү кызматкерлер көчөлөрдү жана жалпы пайдалануудагы аймактарды таштандылардан тазалап, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү иштерин аткарып жатышат.

Мындай иштер айыл аймагынын санитардык абалын жакшыртууга, коомдук жайлардын тазалыгын сактоого жана тургундар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

🌿 Айылыбыздын тазалыгы — жалпыбыздын ишибиз!

Урматтуу тургундар! Айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасап, тазалыкты сактоого жана таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштабоого чакырабыз.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген