Кыргыз Республикасынын Президентинин №181 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Арал айылында көчмө жыйыны 22-сентябьрда өткөрүлөт.
Жыйынга Жайыл райондук социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү жана Ак-Башат айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси катышат.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү багыттар боюнча маалымат берилет: • социалдык камсыздоо; • мамлекеттик социалдык кызматтар; • жөлөкпулдар жана социалдык жардамдардын түрлөрү; • жарандардын кайрылуулары жана суроо-талаптары.
Тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү адистерден кеңеш жана түшүндүрмө ала алышат.