Ак-Башат айыл аймагындагы мектептерде жаңы окуу жылы башталды
Бүгүн Ак-Башат айыл аймагындагы мектептерде жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу линейкалар өткөрүлдү.
Мектеп босогосун аттаган окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн бул күн өзгөчө маанай тартуулап, жаңы максаттардын жана жаңы жетишкендиктердин башаты болду.
Мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайбыз!
Ар бир окуучуга бекем ден соолук, окуудагы ийгиликтерди, жакшы бааларды жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз. Мугалимдерге жоопкерчиликтүү эмгегинде ийгиликтерди, ата-энелерге балдарынын жетишкендиктерине кубаныч каалайбыз.