Ак-Башат айыл аймагындагы 7 үй-бүлөгө социалдык контракттын негизинде жардам көрсөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтомунун 6-пунктуна ылайык, Ак-Башат айыл аймагындагы 7 үй-бүлөгө социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүлдү.
Программанын алкагында ар бир үй-бүлөгө өз алдынча киреше табуу мүмкүнчүлүгүн түзүү, чакан ишкердикти өнүктүрүү жана үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында 150 000 (жүз элүү миң) сомдон берилди.
Жалпысынан 7 үй-бүлөгө көрсөтүлгөн социалдык жардамдын суммасы 1 050 000 сомду түздү.
Социалдык контракт программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өзүнүн бизнес-долбоорун ишке ашырууга, туруктуу киреше булагын түзүүгө жана үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртууга багытталган.